Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырды. Добуш берүү одоно бузуулар менен өттү. Бирок, депутаттардын коомчулуктун жана юристтердин эскертүүсүнө көңүл бөлүү ою жок сыягы. Мыйзам долбоор экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алууга даярдалууда.
Талашка түшкөн Баш мыйзам
Конституциялык реформа боюнча октябрь айында Садыр Жапаров бийликке келиши менен айтылып баштаган. 17-ноябрда парламенттин расмий баракчасында Баш мыйзамдын жаңы долбоору пайда болду. Ал президенттик башкарууга ыкталып, Баш мыйзамды толугу менен жаңылоого багытталат.
Долбоор дароо эле юристтер менен жарандык коомдун сынына кабылып, «Ханституция» аталды. Демилгеге каршы чыккандардын айтымында, конституциялык реформа аркылуу Садыр Жапаров бийликти узурпациялоодо.
Freedom House уюму өзүнүн баяндамасында Конституцияны кайра жазып чыгуу аракети менен Кыргызстан Борбордук Азиянын сөз эркиндиги чектелген башка өлкөлөрүнүн катарына кирерин белгилейт.
Жаңы долбоор Конституциялык палатага дагы жөнөтүлгөн жок. Мындан ары Баш мыйзамга Конституциялык палатанын бүтүмү керек эместиги жаңы долбоордо жазылган.
Саясат тануучу Шерадил Бактыгулов бийлик долбоордун мыйзамдуулугун камсыз кылуу үчүн Конституциялык палатага жөнөтүшү керек деп эсептейт.
«Баш мыйзамдын тексти толук өзгөртүлүп жатат. Ага укуктук-ченемдик актылар боюнча бүтүм тиркелиши керек. Сөзсүз түрдө экспертиза жасалышы зарыл», — дейт Шерадил Бактыгулов.
Долбоордо карама-каршылыктар көп. Конституциялык палата документти карап чыгып, ар бир 81 өзгөртүү боюнча пикирин билдириши зарыл.
Шерадил Бактыгулов.
«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Конституция — бул өлкөнүн башкы мыйзамы гана эмес, коомчулук менен мамлекеттик институттардын, ар кандай саясый күчтөрдүн ортосунда келишим экендигин эскертет. Жол-жоболорду бузуу менен кабыл алуу башкы укуктук актыга көлөкө түшүрүп, мыйзамдуулугуна шек жаратат. Кыргызстандын жаңы тарыхында Баш мыйзам дагы бир жолу жокко чыгарылып калышы мүмкүню
2007-жылы Конституциялык соттун чечими менен 2006-жылдын 8-ноябрында жана 30-декабрында кабыл алынган эки мыйзам жокко чыгарылган. Ал учурдагы жобого ылайык Жогорку Кеңеш Конституцияга Конституциялык соттун бүтүмү менен, жаңы долбоор парламентке сунушталгандан кийин 3-6 аралыгында гана өзгөртүү жана толуктоо киргизе алмак.
Жыйынтыгында Конституциялык сот Жогорку Кеңеш ыйгарым укуктарынын чегинен чыкканын белгилеп, кабыл алынган эки долбоорду жокко чыгарды.
Жамалган долбоор
Конституциялык кеңешме түзгөн текст талдоочуларды гана эмес, депутаттарды дагы таң калтырууда.
Эл өкүлдөрү президент ыйгарым укуктары кеңейип, мүмкүнчүлүктөрү көбөйүп, бирок ошол эле учурда жоопкерчилиги каралбаганын белгилешти. Өлкө башчысына импичмент жарыялоо процедурасы дагы татаалдаштырылган.
«Импичмент жарыялап, президентти отставкага кетирүү үчүн депутаттардын жарымынын добушу, Башкы прокуратуранын жана Конституциялык палатанын бүтүмү керек. Бул абдан оор жол», — вице-спикер Аида Касымалиева.
Депутат Евгения Строкова импичмент боюнча берене атайын бөгөттөр менен жазылганын айтып, «бул монархиялык Конституция» — деди.
Депутаттардын пикирине юрист Нурдин Дүйшөнбеков дагы кошулат. Анын айтымында, сунушталган долбоордо президенттин жоопкерчилиги жазылган эмес. Ал президентти иштен алуу жобосун кайра жазып чыгууну сунуштайт.
«Бул долбоорду ким жазганы түшүнүксүз. Ар кайсы мыйзамдан алып, курап койгондой», — дейт Нурдин Дуйшөнбеков.
«Медиа Полис» институтунун эксперттери дагы жаңы долбоорду сынга алышты. Алардын билдирүүсүндө, жарандардын пикет жана митингдерге жана башка тынч чогулуштарга топтолуу укугу чектелүүдө.
Президент Садыр Жапаров Москвада мекендештер менен жолугушуу учурунда долбоор чийки экенин моюнга алды. Бирок, ага карабай эч бир өзгөртүүсүз референдумга сунушталууда.