16:33
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кылмыш жообуна тартылат

Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы 4-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берди.

Калиева жыйынка келген жок. Анын өкүлдөрү төрайымдын ооруп жатканы тууралуу дарыгерлердин маалым катын алып келишти. Ошондон улам аткаминер айымдын маселени кароонун мөөнөтүн ден соолугуна байланыштуу кийинкиге жылдырууну өтүнгөн.

Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүт Коңкубаева иштин создугуп жатканын айтып, мыйзамга ылайык баш прокурор Курманкул Зулушевдин өтүнүчүн токтоосуз кароону сунуштады. Соттор кеңеши маселени журналисттер жок жабык карап, өтүнүч канааттандырылды.

УКМКнын тергөөчүсү Замирбек Субаналиев Жогорку соттун төрайымы Кылмыш кодексинин «Коррупция» беренеси менен шектелип жатканын айтты. Жыйынтыгында комиссия Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берип, аны кызматтан убактылуу четтетүүнү президент Садыр Жапаровго сунуш кыла турган болду.

Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны «Жергиликтүү сот» долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар