Кара-Суу районунда мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, 2-март күнү Маданият айылында жайгашкан №42 мектептин имаратынан өрт чыкты.
Жыйынтыгында 212 чарчы метр толугу менен күйүп кетти.