03:05
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мунайды жана мунай заттарын ЕАЭБ аймагынан экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызтандан мунайды жана мунай заттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министри Улукбек Марипов кол койду, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кыматы.

Бул чечим мунайга жана мунай заттарын бааны турукташтыруу максатында кабыл алынды.  Ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргызстандан унаа жана темир жол аркылуу мазуттан тышкары (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу), мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу) жана мунай заттарынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленди.


Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар Кыргызстандын аймагынан жеке адамдар тарабынан жеке пайдалануу үчүн ташылып чыгуучу, Бажы бирлигинин дөңгөлөктүү унаа каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына ылайык орнотулган унаа каражатынын май куюучу бактарындагы, ошондой эле көлөмү 20 литрден ашпаган башка идиштеги мунай заттарына жайылтылбайт.

Белгилей кетсек, мунайды жана мунай заттарын дүң-сатуу жана чекене баалардын өсүшү бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөрдө байкалууда. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар