20:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

УКМК Аскарбек Шадиевди издөө боюнча АКШ элчилигинен жардам сурады

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганын белгилүү болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

«25-февралда УКМК АКШда жашырынып жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А.Шадиевге карата Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШ элчилигине ырасмий түрдө кайрылды», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат Шадиевге карата Жазык кодексинин 215-беренеси («Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын, ага Интерпол аркылуу издөө жарыяланганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар