Садыр Жапаров 24-февралда Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-татар эки тараптуу байланыштарынын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.
«Биз ар дайым тыгыз кызматташууга, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгындагы экономикалык, соода, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө ынтызарбыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Рустам Минниханов эки тараптын өз ара достук жана натыйжалуу байланыштарын колдоо өтө маанилүү экендигине токтолду.
Анын пикири боюнча, Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы экономиканы жана байланыштарды өнүктүрүү менен жаратман процесстерге көңүл буруу керек.
Рустам Минниханов электрондук башкаруу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.