14:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектин № 67 мектебинде «акылдуу лаборатория» ачылды

Бүгүн, 25-февралда № 67 мектепте Weidong Smart School долбоорунун алкагында пилоттук акылдуу класстын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын басма сө кызматы билдирет.

Жаңы акылдуу лабораториядагы биринчи ачык сабакка окуучулар менен биргеликте калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева жана Weidong Cloud билим берүү компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Таалай Дайырбеков катышышты.

Пилоттук мектепке 30 ноутбук жана мультимедия интерактивдүү доска бекер берилди. Бул шаймандардын бардыгы бири-бири менен байланышкан жана бирдиктүү тармакка бириктирилип, окуучуларга жана мугалимдерге тез арада маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Мультимедия кабинет ишке кириши салттуу билим берүү процессине электрондук билим берүүнү киргизүү процессин тездетет. Чыныгы убакытта тексттик маалыматтар, сүрөттөр, видео жана аудио файлдарды алмашуу мүмкүнчүлүгүнүн аркасында мугалимдер сабак учурунда башкаруунун ийкемдүү куралдарына ээ болушат. Өлкө боюнча мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигинин шартында электрондук билим берүүнү киргизүү окуучуларды керектүү материалдар менен толук камсыз кылат, ошондой эле активдүүлүктү, процессти жана сабакка катышууну так көзөмөлгө алат. Жалпысынан интерактивдүү визуалдык билим берүү техникасын колдонуу окутуунун сапатын жогорулатууга гана эмес, балдардын билим берүү процессине көбүрөөк кызыгуусун арттырат.

№ 67 мектепте «акылдуу класстын» ачылышы — бул алгачкы гана пилоттук тажрыйба. Класстык бөлмөлөрдү жаңы технологиялар менен жабдууну улантабыз.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы менен Weidong Cloud Education Groupтун ортосунда «акылдуу класс» долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга 2019-жылы күзүндө кол коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума