07:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Райымбек Матраимов кайра кармалды

Кечээ түнү Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ал кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу  фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармады. Райымбек Матраимов УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Белгилей кетсек, 11-февралда эле Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Президент Садыр Жапаров коррупциялык кылмыш менен айыпталгандары абакка олтургузууга каршы экенин айткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума