06:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Кумтөр» ишканасынын ишин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлду

Жогорку Кеңеште «Кумтөр» ишканасынын ишин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ага 12 депутат кирди.

Депутаттар алтын кенин иштетүүчү компания боюнча буга чейинки депутаттык жана өкмөттүк комиссиялардын тапшырмасын аткарууну карап чыгышмакчы.

«Кендеги алтын запасы боюнча дагы ар кандай сөздөр бар. Аны дагы текшерип чыгабыз», — деди Жыргалбек Турускулов.

Комиссиянын курамына Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Самат Ибраев, Айнуру Алтыбаева, Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дуйшалиев, Закир Шарапов, Замирбек Эсенаманов, Урмат Самаев, Осмон Турдуманбетов, Акылбек Жапаров жана Каныбек Иманалиев кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар