08:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чек ара маселеси. Садыр Жапаров митингчилер менен онлайн жолугушуудан баш тартты

Президент Садыр Жапаров Бишкекте чек ара маселесин чечүү талабы менен митингге чыккан Баткен жана Ош облусунун тургундарын кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине митингдин катышуучусу Сапарали Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчысы митингчилер менен онлайн дагы жолугушпайт.

«Президент азыр обсервациядан болгондуктан ага онлайн жолугушуу сунуштаганбыз. Бирок, ар кандай себепти айтып, андан дагы баш тартышты. Мындан улам биз президенттин администрациясына УКМК, Чек ара кызматы жана башка органдар менен жыйын өткөрүүнү сунуштадык. Эртең уюштуруп берүүнү убадалашты», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте эки күндөн чек ара маселесин чечүү талабы менен митинг өтүүдө. Ага көбүнчө Баткен жана Ош облусунун тургундары катышууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар