01:26
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Садыр Жапаров өкмөткө таза иштебеген министрлер түрмөгө кетерин эскертти

Президент Садыр Жапаровдун интервьюсу жарыяланды. Анда өлкө башчысы бир катар суроолорго жооп берди.

Ал жаңы өкмөт мүчөлөрүнө таза иштөөнү эскерткенин айтат.

«Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегендер менин менен беш жыл иштешет. Жемкорлукка аралашып, уурулук кылса бир жылга жетпей абакка олтурушат. Эч кимге кечирим болбойт», — дейт ал.

Өкмөттүн жаңы курамы 4-февралда куралды. Аны Улукбек Марипов жетектөөдө. Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынгандан кийин өкмөттү башкаруу президентке өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар