01:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ошто мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүү кармалды

Ошто мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
 
Маалыматка караганда, кылмышка шектелип 16 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ош шаарында кармалды. Анын жанынан кастет алынды.
 
«Күнөөсүн моюнуна алып, сурак берүүдө. Шектүү бул оор кылмышка жабыр тарткан балдар менен сөз айтыша кеткендиктен баргандыгын айтып берди. Жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жиберген. Аны менен кошо кылмыш болгон учурда жанында турган эки шериги да кармалды», — дейт ИИБ.
 
Кечээ Ош шаарында 16 жаштагы 10-класстын мектеп окуучулары бычакталып ооруканага түшкөн. Бирөө каза таап, экинчиси оор абалда.
 
Эң көп окулган жаңылыктар