10:12
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Президент: Экономиканы колдоо үчүн кризиске каршы планды тез кабыл алуу керек

Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алар экономиканы калыбына келтирүү үчүн кризиске каршы кечиктирилгис чараларды, коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү чараларын кабыл алуу маселелери, өлкөнү кыска мөөнөттө өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары менен экономикадагы негизги түзүмдүк реформалар талкуулады.

Садыр Жапаров ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин баса белгилеп, буга байланыштуу экономиканы колдоо максатында Өкмөттүн комплекстүү кризиске каршы планын тез арада кабыл алуу зарылдыгына токтолду.

Улукбек Марипов өлкөдөгү бизнес секторун, инвесторлорду жана ишкердикти колдоо боюнча бир катар өкмөттүк чечимдер иштелип жаткандыгын кошумчалады.

Улукбек Марипов өкмөттүн жаңы түзүмүн эске алуу менен алардын ишмердүүлүгүн адаптациялоо үчүн аткаруу бийлигинин ишине талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.

Ошону менен бирге премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана кризиске каршы чараларды тезинен кабыл алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Эң көп окулган жаңылыктар