21:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

ID-картанын 2 миллиончу ээсине паспорту сыйлуу түрдө тапшырылды

Бишкектеги Калкты тейлөө борбору-2де Бектур Алибаев идентификациялык картанын (ID-карта) эки миллионунчу алуучусу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бектур Алибаевге паспортту жана белектерди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов тапшырды.

Өспүрүм калкты тейлөө борборуна жаш курагы жеткендиги боюнча документтерин тариздетүү үчүн кайрылган. 17-февралда ал 17 жашка толот.

Белгилей кетсек, электрондук ID-карталарды киргизүү Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майында башталган.

Долбоор KOICA (Korea International Cooperation Agency) менен биргеликте ишке ашырылган. Корея тараптан электрондук улуттук күбөлүктүн программалык камсыздоосу иштелип чыгарылган, сервердик жабдуулар жана 1,9 млн бланк берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар