Төрт- Гүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында, премьер-министр Улукбек Марипов чек ара эмес, суу боюнча келишимдер боюнча оюн айткан.
«Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе өкмөт башчы тараптан эске салынган», — дейт өкмөт.
Белгилей кетсек, 3-февралда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, Улукбек Марипов Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өткөнүн айткан.
Суу сактагычтын көлөмү 90 миллион кубду түзөт. Ал 1972-жылы курулган.