16:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров латын алфавитине өтүүгө каршы. Ал Осмоналиевге катуу эскертти

Президент Садыр Жапаров Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, бүгүн Садыр Жапаров Каныбек Осмоналиевди кабыл алды.

«Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар