20:35
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров «Барселона» клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолукту

Президент Садыр Жапаров «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолукту.

Мамлекет башчысы кылымдык тарыхы бар клубдун Кыргызстанга келиши жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ошондой эле, Жоан Лапорта жетектеген жылдары Рональдиньо, Месси, Пуйоль, Хави, Иньеста, Неймар сыяктуу атактуу оюнчулар каталондук команданын намысын коргоп, бир нече жолу Испаниянын чемпиону, Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгонун айтты.

«Клуб футзал, гандбол, баскетбол, волейбол, регби, жеңил атлетика боюнча командаларды каржылап келет. Мына ушундан улам, дүйнөдөгү башка клубдардан айырмаланып, «Барселона» чыныгы элдик клуб деген атка татыктуу. Мындай «элдик клуб» деген атак-даңк албетте, сиздин өжөрлүгүңүздүн, эркиңиздин бекемдигинин, талбаган эмгегиңиздин үзүрү», — деди ал.

Мындан тышкары, президент «Барселона» академиясынын ачылышы улуттук курама команданы профессионалдуу деңгээлге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, туризмди, спортту, инвестицияны жана өлкөнүн башка тармактарын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Жоан Лапорта Садыр Жапаровго Борбор Азиядагы спорт уюмунун тажрыйбасын жайылтуу демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстандагы жаңы футбол академиясы спортчулардын инсандык өсүүсүнө салым кошуп, алардын дараметин толук ачууга, күйөрмандардын спортко болгон мамилесин жакшы жакка өзгөртө тургандыгына ишенерин айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар