15:11
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мамлекеттик карыз бир айда 27, 29 миллион долларга өстү

Май айынын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик ички жана сырткы карызы 5 миллиард 667,63 миллион долларды (496 миллиард 428,06 миллион сом ) түздү. Бул маалыматты Финансы министрлиги билдирди.

Ага ылайык, 4 миллиард 489,7 миллион доллар ( же 393 миллиард 252,39 миллион сом) өлкөнүн сырткы карызы, ал эми 1 миллиард 177,94 миллион доллар (же 103 миллиард 175, 67 миллион сом) — ички карыз.

Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 17,2 миллион долларга өскөн. Анын ичинен сырткы карыз 35,23 миллионго азайса, ички карыз 62, 53 миллионго көбөйгөн.

Май айынын жыйынтыгында мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 53, 55 пайызын түздү.

Тышкы карыздын көпчүлүк бөлүгү (51,5%) ар кандай багытта акчалар, анын жалпы суммасы 2 миллиард 312, 65 миллион доллар. Анын 2 миллиард 124, 06 миллион доллары (сырткы карыздын 47, 3% ын ) өлкө эки тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында алган. Анын 38,6 пайызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына бериле турган акча.

Эң көп окулган жаңылыктар