15:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Билим берүү министрлиги: Окуу жайларда баш кийимге карата чектөө жок

Өкмөттүн бирдиктүү мектеп формасы боюнча чечиминде баш кийимге карата чектөө жок. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын билдирүүсүндө айтылат.

Анда өкмөттүн чечиминде тышкы кийимдин өңү, формасы боюнча айтылып, баш кийим (калпак, жоолук, орогуч, бандана ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр камтылган эместиги белгиленет.

«Ошондуктан, билим берүү системасы жоолукчан кыздардын билим алуу укугун камсыздоого милдеттүү. Билим берүү уюмдарынын администрациялары көрсөтүлгөн себептерден улам окуучулардын билим алуу укугун чектебеши керек. Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон калкка сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасоосу кажет», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар