Жаңы конституция боюнча премьер-министр өкмөттүн төрагасы аталат. Бул тууралуу конституциялык кеңешменин жетекчиси Бекбосун Бөрүбашев билдирди.
Анын айтымында, өкмөт башчысы президенттик администрацияны дагы жетектейт.
«Мындай өзгөрүүнүн биринчи себеби — биз президенттик башкарууга бара жатабыз. Андыктан президент өзү өкмөттү жетектейт. Экинчиден, баардык иштер президенттик администрация аркылуу чечилет. Бул эки бийликтин орношуна жол тосот», — дейт ал.
Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.