13:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Замир Жоошев: Алмазбек Атамбаевди бошотуу керек

Медиктердин тобу мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгын текшерип чыгышы керек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев ооруп жүрөт. Аны бели кыйноодо.

«Алмазбек Атамбаевдин абалы күн сайын начарлап жатат. Ал бир жылдан ашык убакыттан бери абакта олтурат. Ага каршы козголгон иштер кайра кароого жөнөтүлдү. Адамдын өзгөчө абалдан башка убакта тергөө абагында бир жылдан ашык кармоого болбойт», — дейт Замир Жоошев.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы август айында кармалган. Ага жемкорлук жана кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар