03:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Өлкөнүн башкы пульмонологу комиссиянын чечими менен макул эмес

Коронавирус менен күрөшүүдөгү кадамдарды иликтөө боюнча республикалык комиссиянын курамындагы адистердин кесипкөйлүгү күмөн жаратат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында өлкөдөгү башкы пульмонолог Талант Сооронбаев билдирди.

Ал COVID-19 күчөп турган учурдагы абалды иликтөөгө өзү дагы кызыкдар экенин белгилейт.

«Бирок анын курамына кирген адамдардын кесипкөйлүгүндө күмөнүм бар. Себеби алардын бирөө да коронавирус күчөп турганда кызыл зонага кирип иштеген эмес. Менин сөзүмдү Кыргызстандагы миңдеген дарыгерлер тастыктайт. Азыр эми күнөөнү дарыгерлерден издөө туура эмес. Ушул комиссиянын курамына кирип, изилдөөсүнө катышалы деп бир нече ирет вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиевага кайрылдым. Бирок ал менин кайрылуумду кабыл алган жок», — дейт Талант Сооронбаев.

Талант Сооронбаев жай айларында вирус жугузган бейтаптардын өлүмүнө ооруканадагы шарттардын жоктугу себеп болгонун айтат.

«Биз анда каза болгондордун туугандарын чакырып, сүйлөшсөк болмок. Бейтаптар клександын жоктугунан эмес, кислород жана ооруканаларда шарт болбогондуктан каза болушту», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар