16:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусия куруучу мигранттарды өлкөгө киргизүү механизмдерин иштеп чыкты

Орусияда Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркиядан чыккан мигрант куруучуларды өлкөгө киргизүү механизмдери табылды. Бул тууралуу курулуш министри Ирек Файзуллин бизнес коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Файзуллиндин айтымында, эмгек мигранттарын тартууга багытталган жаңы механизм чек аралар ачылар замат жүзөгө ашырыла баштайт, мигранттар жумушчулар керек болгон компаниялардын өтүнмөлөрүнүн негизинде чакырылат.

Ал аймактардын жетекчилери жана курулуш компаниядарынын өкүлдөрү мигранттарды киргизүү өтүнүчү менен Курулуш министрлигине кайрылса болорун, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркиянын катышуусунда комиссия түзүлгөнүн айтты.

Былтыр декабрда Орусиянын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министриги курулушта иштеген эмгек мигранттарын өлкөгө жеңилдетилген шартта киргизүү боюнча сунуш даярдап, өкмөттүн кароосуна жөнөткөн. Министрликтин сунушуна ылайык, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн сакталышына кепилдик берген уюмдар жумушчулар менен камсыз болот. Жеңилдик алган компаниялар, уюмдар чет өлкөлүк жарандарды миграциялык каттоого алып, алар менен эмгек келишимин түзүүгө тийиш. Эгер мигрант ооруп калса, мекеме анын дарылануусуна шарт түзүп бериши керек.

ТАСС агенттиги Курулуш министрлигине шилтеме кылып, 2020-жылы 1-декабрга карата Орусиянын 77 регионунун 50сүндө курулуш тармагында жумуш күчү жетишпей жатканын жазган. Болжол менен аларда 190 миңдей кишиге суроо-талап бар.

Эң көп окулган жаңылыктар