13:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Самара Каримова директорлуктан баш тартты

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Айтымында, арыз жазууга аталган окуу жайдын жамаатынын каршылыгы жана ортодогу интригалар себеп болгон.

«Эли-журтумдун ак батасын албай, кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлугунан баш тартам. Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм. Чындап ак дилимден кызмат кылып берсем дегем. Ошол оюм менен кылган аракетим аркылуу кимди капа кылып алсам, кечирим сурайм. Мыйзамды сыйлаган айрым таза адамдар да мен үчүн катуу сындарды, ачуу кептерди угуп калышты. Алардан да чын жүрөктөн кечирим сурайм. Пенде болгон соң, ак-кара ортосунда жүрөт экенбиз. Билип-билбей кылган күнөөм үчүн Жараткандан да кечирим сурайм. Менин ар-намысымды тебелеп, акараат келтиргендерге да таарынычым жок. Аларды да кечирем. Туура жыйынтык чыгарууга аракет кылам. Эли-журтума колдон келген ак кызматымды арнай берем», — деп жазган Каримова.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби