06:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Министрдин катасы. USAID вакцина сактоочу муздаткычтарды сатып бербейт

USAID Pfizer вакцинасын сактоочу муздаткычтарын Кыргызстанга сатып бербейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурубалдиева өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты.

Айтымында, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев муздаткычтар тууралуу жаңылыш маалымат берген.

«Министрликтин басма сөз кызматы жетекчисинин парламентте кетирген катасы үчүн кечирим суроосу керек. USAID муздаткычтарды сатып беребиз деп айтыптыр. Саламаттык сактоо министри ката кетирди», — деп жазат аткаминер айым.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин отурумунда Алымкадыр Бейшеналиев USAID Кыргызстанга муздаткыч жана Pfizer вакцинасына ылайыктуу 1 миллион 200 ийне сатып берет деп билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар