05:11
USD 84.81
EUR 101.79
RUB 1.14

Сыртбай Мусаев Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы болду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаев Сыртбай Жолдошович Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Дагы бир Жарлыгы менен Талант Мамытов комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотту.

Эң көп окулган жаңылыктар