19:05
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

АКШ Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык чектөөнү жойду

АКШ 2020-жылдын башында киргизилген иммиграциялык жана «грин-карт» (Diversity Visa) визаларына чектөөлөрдү жокко чыгарат. Буга тиешелүү жарлыкка президент Байден 20-январда кол койгонун АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Бул жарлык Кыргызстандын иммигранттарына да тиешелүү.

Трамптын администрациясы 2020-жылдын 31-январында бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарга иммиграциялык жана «грин-карт» (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген. Мунун себебин Кыргызстан жарандарын электрондук биометрикалык паспорт менен жабдыбаганы менен түшүндүргөн.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 21-январда тараткан маалыматында Кыргыз өкмөтүнүн бир жыл ичинде өз жарандарын саякаттоого ыңгайлуу жана коопсуз паспорт менен камсыз кылууга жетишип жатканын жогору баалады.

Кыргыз өкмөтү биометрикалык идентификациялык чиптер камтылган электрондук паспорттун жаңы үлгүсү даяр болгондугун жакында жарыялаган.

Элчилик ошондой эле Кыргызстан кылмыштуулук жана терроризмге каршы күрөш багытында маалымат алмашууда Интерпол менен кызматташтыкты жакшыртканын иштин илгерилеши катары белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар