14:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жо Байден ант берип, АКШнын президенттик кызматына киришти

Жо Байден ант берип, АКШнын президенттик кызматына киришти. Бул тууралуу ЖМК жазып чыкты.

«Мен, Жозеф Робинет Байден, салтанаттуу түрдө Америка Кошмо Штаттарынын президенттик кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Конституцияны кайтарууга жана коргоого болгон күчүмдү жумшайм деп ант берем», — деп билдирди ал.

Байден тарыхтагы эң кары президент. Ал 78 жашта.

Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган. 7-январда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен расмий бекитилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума