09:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Экс-вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова, Аида Исмаилова дагы суралат

COVID-19 пандемиясына даярдык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилованын да жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу журналисттерге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев билдирди.

«Биз пандемия убагында социалдык жана саламаттык сактоо блокторун көзөмөлдөгөн вице-премьерлердин жоопкерчиликтерин карайбыз», — деди ал.

Финполдун Тергөө кызматынын башчысы Кубанычбек Рисбаев кошумчалагандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында эки премьер-министр — Мухаммедкалый Абылгазиевдин, Кубтабек Бороновдун, мурдагы вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекованын жана Аида Исмаилованын, саламаттык сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаевдин жана Абдикарим Сабиржановдун, ошондой эле экс-финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчиликтери каралат.

«Биз өндүрүш ишин экиге бөлдүк — пандемиягы даярдык көрүү жана аны менен күрөшүү», — деди ал.

Мындан тышкары, өзүнчө өндүрүш ишинде коронавирус пандемиясы учурунда келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү маселеси каралып жатат. «Тергөөчү жана ыкчам кызматкерлерден турган чоң топ түзүлдү. Учурда аудит жүргүзүлүп жатат. Вице-премьерлер менен иштешип жататбыз, премьерден протокол тартибине тапшырма бар. Мунун баары Финполдун башчысынын көзөмөлүндө», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар