04:15
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Курал Чокоев элден кечирим сурап, Youtube каналындагы видеолорду өчүрдү

Ырчы Курал Чокоев «В пи#ду звезду» аттуу берүүсүн токтотту. Бул тууралуу ал өзү instagram баракчасында билдирди.

Ал сын-пикирлерден кийин берүүсүн токтотуп, видеолорун Youtube каналынан өчүргөнүн жарыялады.

Белгилей кетсек, «В пи#ду звезду» аттуу берүүсүндө ырчы кесиптештери менен бирге ар кандай ыплас, маданиятсыз сөздөр менен жеке темада сүйлөшөт. Алгачкы берүү коомчулукта сын-пикир жаратты. «Марал радиосу» жана «Кыргыз радиосу» мындан ары Курал Чокоевдин чыгармачылыгы эфирден алынарын жарыялашты.

Эң көп окулган жаңылыктар