20:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жерүйдөгү алтын чыгаруучу фабрика февраль айында ишке киргизилет

Жерүй кениндеги алтын чыгаруучу фабрика 2021-жылдын январынын соңунда, февраль айынын башында ишке киргизилет. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кенине барганда белгилүү болду.

Учурда кенде бардык калыбына келтирүү иштери активдештирилип, алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жандандырылды.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучунун «Алтын Альянс» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуусунун жүрүшүндө маңыздуу пикир алышуу орун алып, анда инвестор, окмөт жана жергиликтүү тургундар ортосундагы бардык тартыш маселелерди толугу менен жөнгө салууга басым коюлду.

«Өкмөт үчүн инвесторлордун тоскоолдуксуз ишин жана алардын коопсуздугун камсыздоо маанилүү. Буга катар жергиликтүү калктын жумуштуулугун камсыздоо маселеси да көңүл чордонунда турат. Учурда каражаты коммерциялык банкта кармалып турган Талас облусунун «Бакубат Талас» өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугу тууралуу маселени иликтеп чыгууну сунштайм. Аталган каражаттын бөлүгүн аймактын ишкерлик активдүүлүгүн колдоого жумшоого болот. Калкыбыз каражаттар алардын бакубаттуулугун өстүрүүгө багытталып жаткандыгын көрүүсү керек. Дагы бир маанилүү маселе — бул продукцияны өндүрүү үчүн экономикалык кластерлерди түзүү. Кеп тамак-аш продуктулары гана эмес, өнөр-жай ишканаларынын продукциялары тууралуу да жүрүүдө. Ишкана жергиликтүү өндүрүлгөн продукцияларды максималдуу колдонушу керек. Бул эки нерсе параллелдүү жүрүшү керек. Аталган факт жергиликтүү тургундар менен өз-ара аракеттешүүнү жайгарууда чоң кадам болуп саналат», — деди ал.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптарды сактоо маселесине басым жасады жана көзкарандысыз чет элдик эксперттер тарабынан жергиликтүү активисттердин катышуусунда калдык сактоочу жайдын курулушуна талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар