08:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Саясий максаттары жок. Жерүй алтын кени боюнча элдик жыйын өтпөй калды

1-октябрга пландалган Жерүй алтын кени боюнча элдик жыйын өтпөй калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында уюштуруучулар билдиришти.

Айтымдарында, аларга иш-чараны саясий максатта пайдаланышып үзгүлтүккө учуратуу тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Биз алардын аттарын атай албайбыз, бирок арабызда өз максаттарын көздөгөн кишилер да бар экен. Чагымчылдык тууралуу маалыматыбыз бар, бизге ишенген элдин тынчтыгын тобокелге сала албайбыз», -деди Элдияр Аттокуров.

Ал 1-октябрда Таласта элдик курултай жыйын өткөрө турганын билдирди. «Биз алар менен бирге эмеспиз деп айтаар элек. Биздин саясий максаттарыбыз жок. Болгону аймактын бакубатчылыгы жана экологиясы тынчсыздандырат», -деди Элдияр Аттокуров.

Элдик жыйындын күндүн темасында 3 маселе турган: Жерүй алтын кени боюнча сынактын өткөрүлүшүнүн мыйзамдуулугу, алтын кенинин мамлекеттик үлүшү, жаратылыш ресурстары тууралуу мыйзамды өзгөртүү.

Эң көп окулган жаңылыктар