USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Тедрос Гебреисус: Кытай адистерди COVID-19ду иликтөөгө уруксат бербей жатат

11:18, 06 января 2021, Бишкек - 24.kg

Кытай Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистерин COVID-19дун пайда болуу жолдорун иликтөөгө уруксат бербей жатат. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Тедрос Гебреисус билдирди.

Анын айтымында, ар кайсы өлкөнүн окмуштуулары Кытайга барып, коронавирустун пайда болуу жолун иликтөөгө даяр. Бирок, Кытай бийлиги ага уруксат берген жок.

«Адистердин эки тобу жолго чыгышкан. Алар Кытайга бара жатып, алардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат жок экенин билишти. Мен Кытайдын расмий жогорку бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, бул маанилүү иш экенин айттым. Мага Кытай маселени чечүү үчүн ишти тездетерин айтышты», — дейт Тедрос Гебреисус.

Белгилей кетсек, Европа өлкөлөрүндө вирустун жаңы түрү күч алууда.

COVID-19 2020-жылы Кытайдан дүйнөгө жайылган. Учурда Ухан вирусун 82 миллиондон ашык адам жуктурду. 



БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика