18:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мамлекеттик ипотека алгандар үчүн пайыздык чен төмөндөтүлөт

Өкмөт «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционардик коомуна 2019-жылдын 1-октябрына чейин берилген мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча пайыздык ченди жылына 6–8 пайызга чейин төмөндөтүү сунушун берди. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

«Бүгүнкү күндө бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү маанилүү. Ошондуктан өкмөт тарабынан «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК мурда берилген насыялар боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылган. Ипотекалык компания өз эсебинен пайыздык чен деңгээлин төмөндөтүүсү керек. Пайыздык ченди төмөндөтүү — бул чоң эмес, бирок өкмөттүн жарандарга каржылык жүгүн кыскартуу максатындагы көмөгү болуп саналат. Буга катар республикалык бюджет каражатынын эсебинен иштеп жаткан ипотекалык компаниянын иштөө механизмин өзгөртүү зарылдыгын белгилеп кетким келет», — деди Артем Новиков.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК учурдагы финансылык абалын начарлатпоо жана ишин турукташытруу үчүн Финансы министрлиги аркылуу мурда берилген насыяларды кайрадан карап чыгуу жана пролонгациялоо боюнча тийиштүү сунуш даярдап чыгууну тапшырды.

Өкмөттүн 2020-жылдын 31-декабрындагы буйругуна ылайык, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна 2021-жылдын 1-январынан тарта алгачкы төлөмдүн суммасына жараша, өздүк маржаны төмөндөтүү эсебинен, жылына 7–9 пайыздык чен боюнча мурда берилген ипотекалык насыялар боюнча пайыздык ченди жылына 6–8 пайыздык ченге дейре кайра эсептеп чыгуу сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар