21:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Электрондук салык отчеттуулугун тапшыруу мөөнөтү узартылды

Электрондук документ түрүндөгү салык отчеттуулугун милдеттүү тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уюмдар үчүн квалификациялык электрондук кол тамгасы бар электрондук документ түрүндөгү салыктык отчет берүү мөөнөтү 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.

2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Буга катар жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү жеке ишкерлер тарабынан 2021-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума