14:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мурдакы президент Сооронбай Жээнбеков коомдук фонд түздү

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомдук фонд түздү. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook тармагындагы расмий баракчасында жарыялады.

Анын айтымында, фонд коомдун маданий, руханий жана илимий потенциалын көтөрүү жаатында иш алып барат. Андан тышкары, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо ала турган демилгелерди колдоого алат.

Фонд социалдык, маданий жана кайрымдуулук жаатындагы иштерге басым жасайт.

Сооронбай Жээнбековдун фонду юстиция тармагында декабрь айынын башында катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар