16:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Роза Отунбаева: Алмазбек Атамбаев элди бөлүп-жарууга мыкты чебер

Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүүсүндө айтты.

Отунбаева Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча чечимин 2016-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракцясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевге импичпент жарыялоо боюнча демилгесинин логикалык уландысы катары сыпаттады. Ал ошол эле жылы депутат Канатбек Исаев да Атамбаевге кескин сын айтып чыкканын эстеп, натыйжада экөө Атамбаевдин саясий куугунтугуна алынганын белгилейт.

Роза Отунбаева өз билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышы ар кандай сын-пикирлерге кабылганын эске салып, азыркы шартта парламентти Алмазбек Атамбаев атайылап каралоого алганын кошумчалайт.

«Башкы прокуратуранын депутаттык комиссиянын «Атамбаев саясий куугунтукка алды» деген айыптоосуна негиз таппай койгону өкүнүчтүү. Чынында Атамбаевдин тушунда анын атаандаштарына каршы иштер токулган», — дейт ал.

Отунбаева Атамбаев саясий атаандаштарын өзү куугунтукка алган жол менен басып өтүшүн каалабай турганын, ага коюлган айыптар боюнча тергөө бейтарап жана калыс жүрүшү керек экенин айтууда.

«Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө», — деди Отунбаева.

Алмазбек Атамбаев азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен ал бир гана нерсени — аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатат.

Роза Отунбаева
Экс-президент буга улай Атамбаевди укуктук талаада күрөшүүгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар