05:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутаттар Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык бийлигине баа берүүнү талап кылат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык бийлигине баа берүү керек. Бул боюнча Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды.

Депутат Канат Исаев экс-президент бийликте олтурган кезде коррупцияга маалынып, баардык тармактарды колго алганын белгиледи.

«Премьер-министр, спикер, мэр, президенттин аппарат башчысы — кыскасы баардык тармакта КСДПнын саясый кеңешинин мүчөлөрү олтурушкан. Атамбаев шаардык кеңештин депутаттарынын тизмесине чейин өзү бекиткен. Бийликти толугу менен узурпациялап алган. Аткаруу бийлигинин ишине кийлигишкенин өзү моюнга алып жатат. Эч бир тармакта иштебеген, билими жок жан сакчыларын укук коргоо органдарына жетекчиликке алып келди. Журналист Абдиль Сегизбаевди УКМКда 30-40 жылдан бери иштеген генералдарга башчы кылып койду», — дейт ал.

Канат Исаев Алмазбек Атамбаев Бакиевдин учурунда саясый санаалаштарына каршы куугунтук жүргүзгөнүн эске алды.

«Ал оппозицияны кууп, аянта бой үй түндүктөрүн сындырган. Түндүк сынганы кыргыздын белинин сынганы. Алмазбек Атамбаев Мирзиеевге ракмат, 20 жылдан бери көрбөгөн бир тууганымды таап берди дейт. 20-жылдан бери катташпаган ал кандай бир тууган? Атамбаев интриганын башы менен көп адамдын убалына калды», — дейт ал.

Канат Исаев Башкы прокуратура баа бере албаса, Алмазбек Атамбаевдин бийлигине баа берүүнү талап кылды. Аны депутат Талант Мамытов, Алманбет Шыкмаматов дагы колдоого алды.

«Алмазбек Атамбаев саясый куугунтук жүргүзүп, саясатчыларды камады. Журналисттерди доого чыгып, телеканалдарды жапты. Бизди чимкирик деп жатат. Биз Атамбаевдин кылган иштерине баа берели. Кыргыз элине ким чимкирик экенин көрсөтөлү», — деди Талант Мамытов.

Эң көп окулган жаңылыктар