08:06
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Атамбаевдин абалы менен таанышып чыкты

Жогорку Кеңештин депутаттарРыскелди Момбеков, Асел Кодуранова УКМКнын абагында жаткан Алмазбек Атамбаевдин абалы менен таанышып чыкты.

Алардын айтымында, Атамбаев абакта даарыланат.

«Анын буга чейин дагы кан басымы төмөн болчу. Азыр 80-60 болуп жатат экен. Азыр ал бал менен чай ичип, саламаттыгына карап жатат. Күнүнө бир жолу спортзалга барып турат экен», — деп айтып берди Рыскелди Момбеков.

Асел Кодуранованын айтымында, Алмазбек Атамбаев аны жакшы карап жатканын белгилеген.

Мурдакы президенттин уулдары Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кеткенин айтышкан. Бүгүн тарапташтары УКМК алдына чогулду.

Эң көп окулган жаңылыктар