Бир суткада 119 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 51, Ош шаарында — 1, Чүй облусу — 28, Ош облусу — 10, Талас облусу — 4, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусу — 18, Жалал-Абад облусу — 2, Баткен облусу — 0 кишиден вирус табылды.
Бишкекте үч, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.
Март айынан бери 80 миң 654 киши вируска чалдыгын, 1 миң 353 бейтап көз жумду.