09:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мектептерди дезинфекциялык каражаттары менен камсыздоо үчүн каражат бөлүнөт

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын 2020-жылдын 9-декабрында, Бишкек шаарындагы адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, көмөкчү мектептерде жана жалпы билим берүүчү уюмдардын коррекциялык класстарында убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын эске алуу менен реалдуу режимде окуу процессин улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

Айтымында, Бишкек шаарынын жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын залалсыздандыруучу каражаттар менен камсыздоо жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо максатында, учурда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 6 миллион 835 миң 800 сом бөлүү тууралуу буйрук чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума