01:08
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Экономикалык кылмыштардан өндүрүлгөн каражаттарды бюджетке кайтаруу сунушталды

Бүгүн, 12-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко белгилегендей, Коопсуздук кеңешинин чечими жана өкмөттүн токтомунун негизинде акыркы жылы түшкөн 2 млрд сом бирдиктүү депозиттик эсептеги каражат укук коргоо органдарында калтырылбастан, түз республикалык бюджетке кайтарылышы керек.

«Мындагы карама-каршылыкты жоюу үчүн Бюджеттик кодекске тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынууда», — деди Наталья Никитенко.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби