Бир суткада 264 киши вируска кабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 86, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 60, Ош облусунда — 25, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 44 , Жалал-Абад облусунда — 20 жана Баткенде — 11 кишиден коронавирус аныкталды.
Бишкек, Баткен, Ош жана Ысык-Көл облусунда бирден бейтап көз жумду.
Март айынан бери Кыргызстанда 78 миң 415 киши вируска кабылып, 1 миң 321 адам каза тапты.