23:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Москванын метросунан көз жарган кыргызстандык баласынан баш тартпайт

Москванын метросунда көз жарган 29 жаштагы келин менен Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери жолугуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчиликтин юристи Москва шаарындагы № 29 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары менен да жолукту.

«Эне менен наристенин абалы канааттандыраарлык экенин дарыгерлер тастыктады. Ооруканадан тыш төрөлүшү наристенин саламаттыгына таасир тийгизбептир. Аял баласынан баш тартпай тургандыгын анын туугандары билдирди», — дешти министрликтегилер.

Эске салсак, 29 жаштагы У.К. 9-декабрда «Электрозаводская» бекетинен көз жарган. Толготуп жаткан аялга полиция кызматкерлери жардам беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума