06:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эпидиомологиялык кырдаал дагы эле курч. Министрлик талаптарды эскертет

Коронавирус инфекциясына байланыштуу өлкөдөгү эпидиомологиялык кырдаал дагы эле курч. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы жугузуулар азайганы менен коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу жогору бойдон калууда.

«Шайлоого байланыштуу үгүт иштери башталды. Эл көп топтолгон жерлерден оолак болуп, маска тагынып, антисептиктерди колдонууну эскертебиз», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Министрдин орун басарынын айтымында, учурда ооруканада 1 миң 948 адам дарыланууда. Алардын ичинен 516 бейтаптын абалы оор, 86 өтө оор.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума