Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу акырындык менен төмөндөп жатат.
Ноябрь айынын башында доллардын баасы кескин жогорулап, бир жарым айдан бери сатуу 84,9 сомдон түшпөй турган.
Бүгүн эртең менен доллардын орточо курсу сатууда 84,15 сом болуп турган. Азыркы тапта доллар 83,11 сомго түшкөн.