Ошто бир топ депутаттар, аткаминерлердин катышуусунда той өткөргөн Жалил Атамбаевдин УКМКда иштейт. Бул тууралуу коопсуздук кызматынан билдирди.
Атамбаевдин уулу Мамат УКМКнын кызматкери болгондуктан ага каршы кызматтык териштирүү башталды.
«Ал коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы миң адамды чогултуп той өткөрүп, коомчулуктун нараазычылыгын туудурду. Кызматтык иликтөөнүн жыйындыгы боюнча иштен бошотууга чейин катуу чаралар көрүлөт», — дейт УКМК.
Белгилей кетсек, Жалил Атамбаевдин уулу Мамат ишемби күнү үйлөнүп, ага парламенттин депутаттары жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов баш болгон аткаминерлер катышты.