16:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Социалдык стационардык мекемеде 2 миң 370 адам жашайт

Социалдык стационардык мекемеде 2 миң 370 адам жашайт. Жалпы министрликтин системасына караштуу 17 социалдык стационардык мекеме бар. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова республикалык штабдын маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык стационарда 2370 жаран жашайт, анын ичинен 724 — улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

«Учурда күнү-түнү 448 кызматкерлер мамлекеттин камкордугуна алынган жарандарга кызмат кылууда. Ал жакта психоневрологиялык диагнозу менен — 1226 чоңдор жана 420 балдар бар», — дейт Ализа Солтонбекова.

Мындан тышкары, 3192 — жалгыз бой улгайган жарандардын, 6318 — ден соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелүү адамдардын жана 11954 — турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөрлөрдүн үйлөрү дезинфекцияланган.

Ализа Солтонбекова 2020-жылдын 1-майына карата өлкөдө 446,9 миң мамлкекеттик жөлөк пул алышарын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар