Бир суткада 295 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 68, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 87, Ош облусунда — 13, Талас облусу — 8, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусу — 56, Жалал-Абад облусу — 34 жана Баткен облусу — 15 жаңы учур катталды.
Бишкек үч бейтап, Ош облусунда бир бейтап вирустан көз жумду.
Март айынан бери 75 миң 690 киши вируска чалдыгып, 1 миң 301 адам каза тапты.