Москвадагы Мамлекеттик думанын алдына кыргызстандык мигранттар митингге чыгышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдирди.
Алардын айтымында, Россиянын ордо калаасына президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов иш сапары менен келээрине байланыштуу кыргызстандыктар митингге чыккан.
«Мигранттар азыркы бийликке ишенбестик билдирүүдө. Алар мамлекет башчысын шайлоо таза жана ачык өтүшүн талап кылууда», — дешти окурмандар.
Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага иш сапары менен келди. Ал Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.